Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Жахаба силерди айкөлдүк менен кечирген»

«Жахаба силерди айкөлдүк менен кечирген»

«Башкаларды кечире албаган адам өзү өтө турган көпүрөнү талкалап салат». 17-кылымда жашаган британиялык тарыхчы Эдуард Герберттин бул сөздөрү башкаларды эмне үчүн кечиришибиз керектигинин бир себебин көрсөтүп турат. Ооба, эртеби-кечпи, баарыбыз кимдир бирөөнүн бизди кечиришине муктаж болобуз (Матай 7:12). Бирок эмне үчүн кечиримдүү болушубуз керектигинин мындан да орчундуу себеби бар. Келгиле, Ыйык Жазмадагы Колосалыктар китебинин 3-бөлүмүнүн 13-аятында эмне деп жазылганына токтололу. (Аятты окугула.)

Баарыбыз күнөөлүү пенде болгондуктан бири-бирибизди кыжырдантып же таарынтып алган учурлар болот (Римдиктер 3:23). Андайда ортодогу тынчтыкты сактаганга эмне жардам берет? Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган жогорудагы аятта көтөрүмдүү, кечиримдүү болушубуз керектиги айтылат. 2000 жылдай мурун жазылган ал кеңешке ылайык иш кылуу ошондо канчалык пайдалуу болсо, азыр да ошончолук пайдалуу. Эмесе, ошол кеңешти талдап көрөлү.

«Көтөрүмдүү болгула». «Көтөрүмдүү болуу» деп берилген грек сөзү чыдамдуу же сабырдуу болуу дегенди билдирет. Бир эмгекте Иса Машаяктын жолдоочуларынын «аларды кыжырданткандардын каталарына, кемчиликтерине көз жумуп, көтөрүмдүү болушары айтылат». Башкалардын кемчиликтерибизге көз жумуп чыдамдуу болушун каалагандыктан, биз да чыдамдуу болушубуз зарыл. Өзүбүздүн да башкаларды кыжырданта турган жактарыбыз бар экенин унутпасак, алардын бизге жакпаган нерселеринин айынан ынтымагыбыз ыдырашына жол бербейбиз. Ал эми кимдир бирөө бизге каршы күнөө кылсачы?

«Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле». Бир изилдөөчүнүн айтканына ылайык, «айкөлдүк менен кечирүү» деп которулган грек сөзү «кечирип коюу дегенди эле билдирбейт... Ал өз ичине кең пейилдик менен кечирүүнү камтыйт». Дагы бир эмгекте бул сөз «кубаныч тартуулоо, ырайым кылуу, пайдасын көздөө» деген да маанини туюнтары айтылат. Башкаларды «нааразы болууга себеп болсо да» кечирсек, айкөл экенибиз көрүнөт. Анда эмне үчүн ырайымдуу болушубуз керек? Себеби бирөөгө таарынгандан көп өтпөй эле өзүбүз да ал адамдын ырайым кылып, бизди кечиришине муктаж болуп калышыбыз ыктымал.

«Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле». Бул башкаларды эмне үчүн кечиришибиз керектигинин эң негизги себеби. Жахаба Кудай бизди айкөлдүк менен кечиргендиктен, биз да башкаларды айкөлдүк менен кечиришибиз керек (Микей 7:18). Анын өкүнгөн күнөөкөргө ырайым кылары жөнүндө бир саамга ойлонуп көрсөңөр. Бизден айырмаланып, Кудай эч күнөө кетирбейт жана эч кимдин аны кечиришине муктаж болбойт. Бирок ошондой болсо да күнөөкөр адам чын ниеттен өкүндө ал ага ырайым кылып, аны биротоло кечирет. Ырас, Жахаба Кудай — өкүнгөн кишини кечирүү жагынан эң мыкты үлгү.

Жахаба Кудай — өкүнгөн кишини кечирүү жагынан эң мыкты үлгү

Анын ырайымдуу экенин билүү ага жакындаганга жардам берип, аны туураганга түрткү берет (Эфестиктер 4:32—5:1). Андыктан: «Жахаба Кудай мени айкөлдүк менен кечирип жатса, мага каршы күнөө кылганына чын жүрөктөн өкүнгөн адамды кечирбей койгонум туурабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел (Лука 17:3, 4).