Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Адабияттарды жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

Адабияттарды жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

JW Library программасынан жүздөгөн китептерди, китепчелерди, баракчаларды офлайн окуп, видеолорду да көрө аласыңар.

Төмөндө адабияттарды жүктөп алууга жана өзүңөргө ылайыкташтырууга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Адабияттарды жүктөп алуу

Офлайн окугуңар жана изилдегиңер келген адабияттардын баарын жүктөп алсаңар болот.

  • Адабияттардын тизмесин көрүш үчүн экрандын өйдө жагындагы тилкеден Адабияттар куржунун басып, андан кийин Тобу боюнча дегенди басыңыз.

  • Адабияттардын тизмесин көрүш үчүн Буйрук берүү тилкесин ачып, Тилдер дегенди басыңыз. Анан өзүңүз каалаган тилди тандаңыз. Сиз көп колдонгон тилдер тизменин баш жагында жайгашкан. Ошондой эле керектүү тилди табыш үчүн тизменин үстүндөгү издөө талаачасына издеген тилиңизди жазсаңыз болот.

Адабияттарды JW Library программасынан табуунун бир нече жолу бар.

Тобу боюнча деген бөлүк адабияттарды Китептер, Баракчалар, Видеолор деген сыяктуу топторго бөлүп көрсөтөт. Ал топтордун бирин тандасаңыз, ичиндеги маалыматтын да топторго бөлүнгөнүн көрөсүз. Мисалы, Күзөт мунарасы деген топту тандасаңыз, журналдар жылдар боюнча топ-топ болуп бөлүнгөн, ал эми Видеолор дегенди тандасаңыз, алардын ар кандай категорияларга бөлүнгөнүн көрөсүз. Эң алгачкы тизмеге кайра барыш үчүн Бардыгы дегенди басыңыз.

Жаңылар деген бөлүктө силер окуп жаткан тилдеги жаңы салынган адабияттардын тизмеси болот.

Жүктөп алына элек адабияттар булут белгиси менен белгиленген болот. Аны жүктөп алыш үчүн басыңыз. Жүктөп алынгандан кийин булут белгиси жок болуп кетет. Ошондон кийин аны ачып окуй аласыз.

Жүктөп алынгандар деген бөлүктө каражатыңызга, кайсы гана тилде болбосун, жүктөп алынган адабияттардын тизмеси болот. Ал тизмени Көп колдонулгандар, Чанда колдонулгандар же Көлөмү чоңдор деп жөндөп койсоңор болот.

Адабияттарды жок кылуу

 Кайсы бир адабиятты колдонбой калсаңыз же каражатыңыздан орун бошотуш керек болсо, аны жок кылып салсаңыз болот.

Адабияттардын тизмесин көрүш үчүн экрандын өйдө жагындагы тилкедеги Адабияттар куржунун басып, андан кийин Тобу боюнча дегенди басыңыз. Андан кийин Белгилөө дегенди басып, жок кылгыңыз келген адабиятты белгилеңиз. Анан Буйрук берүү тилкесинен Жок кылуу белгисин басып, жок кылууну ырастаңыз.

Эгер каражатыңыздан орун бошотуш керек болсо, чанда колдонулган же көлөмү чоң адабияттарды жок кылып салсаңыз болот. Ал үчүн Адабияттар куржунундагы Жүктөп алынгандар деген бөлүктү басыңыз, анан ал жердеги адабияттарды Чанда колдонулгандар же Көлөмү чоңдор деп жөндөп, кереги жогун жок кылып салыңыз.

Адабияттарды жаңыртуу

 Айрым учурларда жүктөп алынган адабияттар жаңырышы мүмкүн.

Андайда тизмедеги адабияттын жанында анын жаңырганын билдирген эки жебече белгиси пайда болуп калат. Адабиятты бассаңыз, анын жаңырганын билдирген маалымат чыгат. Жүктөп алуу дегенди тандап, жаңыртылганын жүктөп алсаңыз болот же Кийинчерээк дегенди тандап, мурункусун окуй берсеңиз болот.

Силер жүктөп алган адабияттардын кайсылары жаңыртылганын көрүү үчүн Адабияттар куржунун баскыла. Эгер кайсы бир адабият жаңыртылган болсо, жаңыртышыңар керектигин көрсөткөн белгини байкайсыңар. Жаңыртууну күтүп жаткан бардык адабияттарды көрүү үчүн аны басыңыз. Адабиятты жаңыртуу үчүн аны басыңыз же жаңыртылгандардын баарын жүктөп алыш үчүн Баарын жаңыртуу дегенди басыңыз.

Бул функциялар Windows 8.1 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын март айында чыккан JW Library программасынын 1.4 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Windows)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.