Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Буга чейин ачылгандар деген функцияны колдонуу (Windows)

Буга чейин ачылгандар деген функцияны колдонуу (Windows)

JW Library программасындагы бул функция сиз окуган макалаларды жана Ыйык Китептеги бөлүмдөрдү эстеп калат. Ошондуктан бул функцияны колдонуп буга чейин окуган жериңизге, алсак, кайсы бир аятка оңой эле кайтып бара аласыз.

Төмөндө буга чейин ачылгандар деген функцияны колдонууга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Буга чейин ачылгандарга баруу

Буйрук берүү тилкесин чыгарып, Буга чейин ачылгандар дегенди бассаңыз, буга чейин окуган Ыйык Китептеги аяттардын жана макалалардын тизмеси чыгат. Алардын бирине барыш үчүн керектүүсүн басыңыз.

 Буга чейин ачылгандарды өчүрүү

Буйрук берүү тилкесин чыгарыш үчүн чычканчанын оң баскычын басыңыз же экранды үстүнкү жагын басып туруп, ылдый жылдырыңыз. Буга чейин ачылгандардын тизмесин ачыш үчүн Буга чейин ачылгандар дегенди басыңыз. Тизмени тазалоо үчүн Өчүрүү дегенди басыңыз.

Бул функциялар Windows 8.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2014-жылдын март айында чыккан JW Library программасынын 1.1 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Windows)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.