Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чөпкаттарды коюу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

Чөпкаттарды коюу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (Windows)

JW LIBRARY

JW Library программасында чөпкаттарды, кандай адабиятка болбосун, кайсы жерге келгениңерди белгилеш үчүн коюп койсоңуз болот. Бул кадимки китепке чөпкат коюу сыяктуу эле. JW Library программасында ар бир адабиятка 10 чөпкат койсо болот.

Төмөндө чөпкаттарды коюуга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Жаңы чөпкаттарды коюу

Чөпкатты макалага, бөлүмгө же кайсы бир абзацка, Ыйык Китептеги аятка койсоңуз болот.

Окуп жаткан адабиятыңардагы макалага же бөлүмгө чөпкат коюш үчүн Буйрук берүү тилкесин ачып, Чөпкат белгисин басыңыз. Ошондо окуп жаткан адабиятыңызга тиешелүү чөпкаттардын тизмеси чыгат. Анан алардын бошун басыңыз.

Кайсы бир абзацка же Ыйык Китептеги аятка чөпкат коюш үчүн адегенде текстти басыңыз, ошондо контекст менюсу пайда болот. Менюдан Чөпкат белгисин басыңыз.

 Чөпкаттарга баруу

Чөпкаттарга баруу үчүн адабиятты ачып, Буйрук берүү тилкесинен Чөпкат белгисин басыңыз. Андан кийин керектүү чөпкатты басыңыз.

 Чөпкаттарды ылайыкташтыруу

Коюлган чөпкатты жок кылсаңыз же алмаштырсаңыз болот.

  • Чөпкатты жок кылуу үчүн Буйрук берүү тилкесинен Чөпкат белгисин басыңыз, андан кийин жок кылгыңыз келген чөпкаттын жанында турган Көбүрөөк дегенди басыңыз. Ошондо Жок кылуу деген белги чыгат. Аны басып, чөпкатты жок кылып салыңыз.

  • Чөпкатты алмаштыруу үчүн Буйрук берүү тилкесинен Чөпкат белгисин басыңыз, андан кийин алмаштыргыңыз келген чөпкаттын жанында турган Көбүрөөк дегенди басыңыз. Андан кийин Алмаштыруу деген белгини бассаңыз, чөпкат алмаштырылат. Бул окуп жаткан адабияттан керектүү жерди белгилөөгө жакшы шарт түзөт. Мисалы, күндө Ыйык Китепти окуп жатканда кайсы жерге келгениңерди ушинтип белгилеп койсоңор болот.

Бул функциялар Windows 8.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2014-жылдын август айында чыккан JW Library программасынын 1.3 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (Windows)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.