Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY ТИРКЕМЕСИ

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW Library тиркемеси (Windows)

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW Library тиркемеси (Windows)

JW Library тиркемеси төмөндөгү оперативдик системаларында иштейт:

  • Android 5.1 же кийинкиси

  • iOS 12.0 же кийинкиси

  • macOS M1 менен же жаңыраак чип

  • Windows 10 1903 версиясы же кийинкиси

JW Library тиркемеси коопсуз, жакшы иштеши үчүн мезгил-мезгили менен анча-мынча нерселерди жаңыртышыбыз керек болот. Андыктан электрондук каражатыңардын оперативдик системасын жаңыртып турууну сунуштайбыз. Эгер андай кылуу мүмкүн эмес болсо, тиркемени бир канча убакытка чейин колдоно беришиңер мүмкүн. Бирок анда акыркы өзгөчөлүктөр болбошу ыктымал.

 

Жаңы тилдер белгилүү бир убакыт сайын кошулуп турат. Керектүү адабият кайсы тилдерде бар экенин көрүш үчүн Тилдер дегенди баскыла.

Түстөрүнүн айырмаланышы «Ыйык Китепте эмне жөнүндө айтылат?» деген китепченин 19-суроосунда түшүндүрүлгөндөй, Ыйык Китептеги китептердин сегиз топко бөлүнөрүн билдирет.

 

JW Library тиркемесинин негизги функциялары бардык платформаларда бирдей болот. Бирок тиркеменин өзгөчөлүктөрү жана жаңылануулары ар бир платформага ар башка убакта чыгышы мүмкүн.

 

Эгер JW Library тиркемесин каражатыңыздан өчүрүп, анан кайра орнотсоңуз, чөпкаттар менен чийилген жерлер жок болуп кетет. Ал эми адабиятты жок кылып туруп, аны кайра жүктөп алсаңыз, чөпкаттар жана чийилген жерлер сакталып калат.

 

Жок. Азыркы учурда чөпкаттар жана чийилген жерлер бир эле каражаттагы тиркемеде сакталат.

 

Көйгөй: JW Library тиркемесин акыркы версиясына ылайык жаңыртканда, жазгандарыңардын, белгилеген жерлериңердин жоголуп кеткени тууралуу билдирүү чыгышы мүмкүн. Ошондон кийин мурда жазып, белгилеп койгондоруңарды, темаларды, тандалмаларды, чөп каттарды көрбөй калышыңар ыктымал.

Чечилиши: Тиркеменин кийинки жаңыртылышында бул көйгөй чечилиши мүмкүн. Белгилеп, жазып койгондоруңарды калыбына келтириш үчүн, тиркеменин кийинки версиясы чыкканда, ага ылайык жаңыртып, экранга чыккан билдирүүлөргө жараша иш кылгыла.

 

Эгер аудио же видео жүктөлбөй жатса, Windows программасындагы Жыйнактардын ичиндеги «Видео» менен «Музыка» деген файлдардын туура жөндөлгөнүн жана JW Library тиркемесинде белгиленип турганын текшериш үчүн төмөнкү кадамдарды жасап көрүңүз.

  1. Windows программасындагы Баяндагыч файлды (Проводник) ачыңыз. Көрүнүш (Вид) дегенди басып, Навигаттоо аймагын (Область навигации) табыңыз. Тизмеден Жыйнактарды көрсөтүү (Показать библиотеки) дегенди тандаңыз.

  2. Терезенин сол талаачасындагы Жыйнактар (Библиотеки) дегенди таап, ошону басыңыз.

  3. Ал жактан «Музыка» жана «Видео» деген файлдарды көрөсүз. Эгер андай файлдар жок болсо, Жыйнактар (Библиотеки) деген жердин оң жагын басып, тизмеден Жарыяланбаган жыйнактарды калыбына келтирүү (Восстановить библиотеки по умолчанию) дегенди тандаңыз.

  4. Видео деген файлдын оң жагын басып, Касиеттер (Свойства) дегенди тандаңыз. Андан соң Жыйнак жайгашуусу (Папки библиотек) деген жерди табыңыз. Кийин ушул жерди JW Library тиркемесинин жөндөөлөрүнөн текшерип коюңуз. Андан кийин Жарыяланбагандарды калыбына келтирүү (Восстановить значения по умолчанию) дегенди басыңыз.

  5. Музыка деген файлдын оң жагын басып, Касиеттер (Свойства) дегенди тандаңыз. Андан соң Жыйнак жайгашуусу (Папки библиотек) деген жерди табыңыз. Кийин ушул жерди JW Library тиркемесинин жөндөөлөрүнөн текшерип коюңуз. Андан кийин Жарыяланбагандарды калыбына келтирүү (Восстановить значения по умолчанию) дегенди басыңыз.

Эң аягында «Музыка» жана «Видео» жыйнактарынын JW Library тиркемесинин жөндөөлөрүндө белгиленген-белгиленбегенине ынаныш үчүн төмөнкү кадамдарды жасаңыз:

  1. JW Library тиркемесин ачыңыз. Андан соң Жөндөөлөр дегенди басыңыз.

  2. Жөндөөлөр ачылгандан кийин Аудиофайлдарды жүктөө деген жерде «Музыка» жыйнагы, ал эми Видеофайлдарды жүктөө деген жерде «Видео» жыйнагы көрсөтүлгөнүн текшериңиз. Баяндагыч файлды (Проводник) ачып, жыйнактар менен JW Library тиркемесинин жөндөөлөрүндө көрсөтүлгөн жер бирдей болушуна ынаныңыз.

Эгер аудио же видео дагы деле жүктөлбөй жатса, «Музыка» жана «Видео» файлдарынын ичине жаңы файл жаратып, сактай аларыңызды текшерип көрүңүз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Microsoft веб-сайтынан «Жардам» деген жерди окуп көрүңүз же Windows программасын жакшы билген досуңуздан сурап көрүңүз.

 

JW Library тиркемесин колдонгонду жакшы билген досуңардан жардам сурасаңар болот. Болбосо, силерге жакын жердеги филиалга кайрылгыла.