Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Марк 11:24. «Эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле»

Марк 11:24. «Эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле»

 «Ошондуктан силерге айтарым: эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле. Ошондо силерге сөзсүз берилет» (Марк 11:24, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет» (Марк 11:24, «Үмүт нуру»).

Марк 11:24түн мааниси

 Иса бул сөздөрдү айтуу менен шакирттерине тиленүүнүн күчүнө ишенүү канчалык маанилүү экенин айткысы келген. Ал шакирттерин Кудай алардын тиленүүлөрүн угуп эле койбостон, аларга жооп берерине да ынандырган. Чын жүрөктөн Кудайдын эркине ылайык тиленген киши тиленүүлөрүнө жооп аларынан шектенбесе болот. Андай киши тиленүүлөрүнө жооп алгандай эле ишеним менен тилениши керек.

 Иса ишеним менен тиленүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ал тиленген киши «жүрөгүндө эч шектенбей», «айтканы аткарыларына ишениши» керектигин түшүндүргөн (Марк 11:23). Эмне үчүн? Себеби шектенген киши жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «Андай киши Жахабадан бир нерсе алам деп ойлобосун» a (Жакып 1:5-8).

 Кудайга ишенген киши дайыма тиленет (Лука 11:9, 10; Римдиктер 12:12). Ошентүү менен ал сураган нерсеси ага чын эле керек экенин жана Кудай анын тилегине жооп берерине бекем ишенерин көрсөтөт. Ошол эле учурда Кудай анын тиленүүсүнө качан жана кантип жооп бериши керектигин жакшы билерин түшүнөт (Эфестиктер 3:20; Еврейлер 11:6).

 Бирок Исанын бул сөздөрү баары эле, Кудайдан эмне сурабасын, тиленүүсүнө жооп алат дегенди билдирбейт. Иса бул сөздөрдү шакирттерине Жахабага жагыш үчүн колунан келгендин баарын кылган ишеними күчтүү кишилерге карата айткан. Ыйык Китепте Жахабанын өз эркине ылайык келген тиленүүлөрдү гана угары айтылат (1 Жакан 5:14). Ал анын нормаларын атайлап бузган жана жаман иштери үчүн өкүнбөгөн кишилердин тиленүүлөрүн укпайт (Ышая 1:15; Микей 3:4; Жакан 9:31). Кудай кандай тиленүүлөрдү угары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул кыскача видеону көргүлө.

Марк 11:24түн контексти

 Иса жердеги кызматынын акыркы күндөрүндө шакирттерине Кудайга болгон бекем ишенимдин канчалык маанилүү экенин айткан. Ал муну мисал менен түшүндүргөн. Иерусалимге бараткан жолдо Иса жалбырактуу анжир дарагын көргөн. Бирок дарактын мөмөсү жок экенин көргөндө аны каргаган (Марк 11:12—14). Байыркы ысрайыл эли да ошол анжир дарагындай болгон. Алар Кудайга сыйынгандай көрүнгөнү менен, чынында, ишенимсиз болушкан (Матай 21:43). Анжир дарагы куурап калгандай эле, ишенимсиз ысрайыл элин да ошол нерсе күтүп турган (Марк 11:19—21).

 Бирок Иса шакирттеринин, кыйынчылыктарды жеңе алышы үчүн жана чоң иштерди аткара алышы үчүн, ишеним өрчүтө аларынан шектенген эмес (Марк 11:22, 23). Исанын тиленүүгө байланыштуу кеңеши шакирттери үчүн өз убагында айтылган. Анткени алардын ишеними жакында сыналмак. Устаты өлтүрүлүп, кызматында катуу каршылыктарга туш болушмак (Лука 24:17—20; Элчилер 5:17, 18, 40). Бүгүнкү күндө да Исанын жолдоочулары Кудайга жана тиленүүнүн күчүнө ишенишсе, кандай кыйынчылык болбосун, көтөрүп кете алат (Жакып 2:26).

 Марк китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.