Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түстөр бизге кандай таасир этет?

Түстөр бизге кандай таасир этет?

Айланага көз чаптырганда, көрүү органы менен мээ маалымат чогултуу үчүн биргелешип иштейт. Мисалы, бир жемишти көрүп, жээр-жебесиңерди чечесиңер. Асманды карап жаан жаайт же жаабайт деген бүтүмгө келесиңер. Тексттеги сөздөргө көз жүгүртүп окугандан кийин маанисин талдайсыңар. Түстөр кандайдыр бир жыйынтык чыгарганга зор таасир этет. Кандайча?

Жемиштин бышкан-бышпаганын, жесе болор-болбосун түсүн карап туруп эле аныктай аласыңар. Күндүн ыраңын, булуттарды карап аба ырайынын кандай болорун боолголоп билесиңер. Бул макаланын тексти менен фону айырмалангандыктан, окуп жатканда көзүңөр талып кетпейт. Ооба, адамдар өздөрү байкабай эле, тегерегиндеги нерселердин өңүн карап туруп кандайдыр бир жыйынтыкка келишет. Андан сырткары, түстөр сезимди да козгойт.

СЕЗИМДИ КОЗГОЙТ

Дүкөндөрдү кыдырып жүргөндө көңүлдү өзүнө тарткан, толгон-токой буюм-тайымдарга көзүбүз түшөт. Балким, силерге жарнамачылардын көргөн кишинин каалоосун ойготкон, жынысына, жашына ылайык келген жана бири-бирине айкалышкан өңдөрдү кылдат тандаары сыр эместир. Түстөрдүн сезимди козгой турганы дизайнерлерге, модельерлерге жана сүрөтчүлөргө да маалым.

Адамдар маданиятынан жана каада-салттарынан улам түстөргө ар кандай маани беришет. Алсак, Азиядагы айрым элдер кызыл өңдү ийгилик, майрам менен байланыштырышса, Африканын кээ бир өлкөлөрүндө ал түс аза күтүүнү билдирет. Бирок адамдардын тек жайы кандай болбосун, белгилүү бир түстөр баарына бирдей таасир этет. Анда келгиле, үч өңгө токтолуп, алардын сезимди кандайча козгоорун карап көрөлү.

КЫЗЫЛ — көзгө дароо урунган өң. Кызыл түстү көбүнчө күч-кубат, согуш, коркунуч менен байланыштырып келишет. Анын таасири зор жана зат алмашууну, дем алууну тездетип, кан басымын жогорулата турган касиети бар.

Ыйык Китептеги «кызыл» деп которулган еврей сөзү «кан» дегенди билдирген сөздөн келип чыккан. «Кудайга акарат кылган ысымдарга толгон... кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган» канкор сойку аял сүрөттөлгөндө Ыйык Китепте ачык кызыл жана кызгылт көк деген сөздөр колдонулган (Аян 17:1—6).

ЖАШЫЛ, кызыл өңдөн айырмаланып, дем алууну басаңдатып, тынчтандырат. Эс алдырган жашыл түс, адатта, бейпилдиктин белгиси катары саналып келет. Жапжашыл болгон бакка киргенде, көк шибер төшөлгөн тоонун бооруна чыкканда көз кумарыбыз канып, кадимкидей сергий түшөбүз. Ыйык Китептин Башталыш китебинде Кудайдын көк чөп менен өсүмдүктөрдү адамзат үчүн жаратканы айтылат (Башталыш 1:11, 12, 29, 30).

АК түс көбүнчө жарыкты, коопсуздукту, тазалыкты билдирет. Ошондой эле кең пейилдик, күнөөсүздүк жана аруулук менен да байланыштырылат. Ыйык Китепте ак өң тууралуу көп айтылат. Маселен, аян алып, көрүнүш көргөндөр адамдар менен периштелердин ак кийим кийип турганын көрүшкөн. Бул ак кийимчендердин адил экенин жана Кудайга жаккандай сыйынарын баса белгилеп турат (Жакан 20:12; Аян 3:4; 7:9, 13, 14). Ал эми ак, таза зыгыр кездемеден кийим кийип, ак боз ат минип келаткан чабандестер  адилеттүү согушту символдоштурат (Аян 19:14). Ошондой эле Кудай күнөөкөрлөрдү кечирүүгө даяр экенин баса белгилеш үчүн: «Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген (Ышая 1:18).

ЭСТЕП КАЛГАНГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Ыйык Китепте түстөр тууралуу айтылганы Кудайдын өңдөрдүн адамдарга кандай таасир этерин билерин айгинелеп турат. Мисал келтирсек, мындан бир нече кылым мурун Ыйык Китептин Аян китебинде биз жашаган мезгилдин кандай болору, анын ичинде согуштардын, ачарчылыктын күч алары, тамак-аштын жетишсиздигинен көптөрдүн кыйналары жана ар кандай жугуштуу оорулардан адамдардын кырылары жазылган. Булар эсибизде жакшы сакталып калышы үчүн аянда кадимки аттарды эмес, белгилүү бир түстөгү аттарды минген чабандестер көрсөтүлгөн.

Жакан пайгамбар алган аянда биринчи болуп Машаяк Исанын адилеттүү согушун билдирген ак боз ат чыгат. Анын артынан ар улуттагы элдердин ортосунда согуш чыгарын көрсөткөн кызыл ат жөнөйт. Андан соң ачарчылыктын жышааны катары өңү суук кара ат чыгат. Акырында «үстүндө отургандын ысмы „Өлүм“» болгон «боз ат» көрүнөт (Аян 6:1—8). Ар бир аттын өңү ар кандай сезимдерди пайда кылбай койбойт, анткени алардын өңү салыштырылган нерселерди таамай сүрөттөп турат. Ошондуктан ар кандай өңдөгү ушул аттарды жана алардын эмнени билдирерин эстеп калуу оңой.

Ыйык Китепте кайсы бир нерсени элестете алгыдай кылып бериш үчүн анын түсү жөнүндө айтылган жерлер көп кездешет. Ырас, жарыкты, ар кандай өңдөрдү, адамдын көзүн жараткан Кудайыбыз окуган кишиге элестүү образдар айкын болушу үчүн жана эсинде бек сакталып калышы үчүн түстөрдү чебердик менен колдонот. Бир нерсенин өңүн карап туруп эле ал тууралуу билип, жыйынтык чыгара алабыз. Өңдөрдүн сезимди козгой турган касиети бар. Ошондой эле маанилүү нерселерди эстеп калганга өбөлгө түзөт. Түстөр — мээримдүү Жаратканыбыздын жашоодон ыракат алып жашашыбыз үчүн берген белеги.