Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН?

Кантип жаралганбыз?

Кантип жаралганбыз?

Ааламдын кантип пайда болгону жөнүндө Ыйык Жазманын алгачкы Башталыш китебинде: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат (Башталыш 1:1). Кудай өсүмдүктөр менен жаныбарларды жараткандан кийин алгачкы түгөйдү, Адам ата менен Обо энени, жараткан. Алар макулуктардан айырмаланып, Кудайдын сапаттарын чагылдыра алышкан жана аларда чечим чыгаруу эркиндиги болгон. Андыктан Адам ата менен Обо эне кылган ар бир иши үчүн жооптуу болушкан. Алар Кудайдын айткандарын аткарышса, бүткүл адамзаттын ата-энеси болуп, бейкуттук өкүм сүргөн жерде түбөлүк өмүр сүрүшмөк.

Бирок бир периште алгачкы түгөйдү колдонуп, өз максатына жетүүнү көздөгөн. Ушундайча ал Шайтан болуп калган. Шайтан деген сөз «душман» дегенди билдирет. Ал жылан аркылуу сүйлөп, Обо энени Кудайдын жетегисиз жашаса, кыйла жакшы болорун айтып алдаган. Адам ата менен Обо эне Шайтандын тилине кирип, Жаратканы менен болгон мамилесин үзүшкөн. Түпкү ата-энебиз туура эмес чечим чыгарганынын айынан түбөлүк өмүрдөн айрылган жана бизге алардан күнөө, жеткилеңсиздик жана качып кутулгус өлүм тукум кууп өткөн.

Кудай ошол окуя болор замат адамзаттын башына түшкөн кейиштүү абалды оңдой турганын, Адам атанын урпактары түбөлүк жашай алышы үчүн чара көрөрүн жарыялаган. Кудай Шайтанды жана Шайтандын, Адам ата менен Обо эненин айынан болуп жаткан азап-кайгыны жок кыла турган «тукумдун» чыгарын айткан (Башталыш 3:15). Ал «тукум» ким болмок? Бул убакыттын өтүшү менен билинмек.

Ал эми Шайтан Кудайдын ой-ниетин бузганга аракет кыла берген. Ошонун айынан адамдар барган сайын бузулуп, жамандык көбөйгөндөн көбөйө берген. Ошол себептен Кудай ыймансыздарды топон суу каптатып жок кылууну чечкен. Ал Нух пайгамбарга өзү, үй-бүлөсү, жан-жаныбарлар аман кылышы үчүн жашикке окшош болгон чоң кеме курууну буйруган.

Топон суу болуп, жер жамандыктан тазалангандан бир жыл өткөн соң, Нух пайгамбар байбичеси, уул-келиндери менен кемеден чыккан. Бирок «тукум» али келе элек болчу.

Төмөнкү аяттарга негизделди: Башталыш 1:1—11:32; Жүйүт 6,14, 15; Аян 12:9.