Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажырашуудан кийин...

Ажырашуудан кийин...

«Жашооң сонун болуп келатып эле, капыстан баарынан кол жууп калгандай болот экенсиң. Асманым заматта эле түнөрүп калгандай боло түштү» (МАРК *, бир жыл мурун ажырашкан).

«Күйөөм кызыбыз курактуу бирөө менен жүрүп кеткен. Ажырашкандан кийин кыялы жаман күйөөмдөн кутулдум, бирок өзүмдү басынтылган, эч нерсеге татыксыз адамдай сезип жүрдүм» (ЭМЕЛАЙН, 17 жыл мурун ажырашкан).

Айрымдар ажырашсам эле баары жакшы болот деген ойдо ажырашып кетишет, ал эми башкалар никесин сактап калгысы келсе да, өмүрлүк жары кетип калат. Бирок ажырашкандардын дээрлик баары андан кийин жашоосу өздөрү ойлогондон да оор болорун түшүнүшөт. Эгер жакында эле ажырашкан болсоңор, силер да мунун турмуш башка салган запкылардын эң эле мүшкүлдүүсү экенине ынанышыңар ыктымал. Андыктан ажырашууга байланыштуу кыйынчылыктарды чечкенге жардам берген Ыйык Китептеги кеңештерди карап чыгуу пайдалуу болот.

1-КЫЙЫНЧЫЛЫК: ТЕРС ОЙ-СЕЗИМДЕР.

Акча-тыйындын жетишсиздигине, бала тарбиялоого, жалгызсыроого байланыштуу кыйынчылыктардан улам пайда болгон стресс көтөрө алгыс болушу мүмкүн, ошондой эле ажырашкандан кийин пайда болгон сезимдер менен да көп убакытка чейин күрөшкөнгө туура келиши этимал. Жудит Валлерстайн деген тажрыйбалуу психолог ажырашкандан бир нече жыл өткөндөн кийин деле айрымдар өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезип, «жашоо жалаң гана адилетсиздик, көңүл кайттык, жалгыздык менен коштолот» деп ойлой берерин айткан.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Ыйлап бугуңарды чыгарып алгыла. Жубайыңарды дагы деле сүйгөндүктөн аны сагынып куса болушуңар мүмкүн. Балким, экөөңөрдүн мамилеңер жакшы болгон эместир, бирок үй-бүлө курганга чейин жарым менен бактылуу жашайм деген кыялыңар аткарылбай калганы үчүн, кайгырышыңар ыктымал (Накыл сөздөр 5:18). Андайда ыйлап бугуңарды чыгарып алгыла (Насаатчы 3:1, 4).

  • Элден обочолонбогула. Кээде жалгыз отуруп ыйлап алышыңар керек болсо да, дайыма эле элден обочолоно бергениңер акылсыздык болуп калат (Накыл сөздөр 18:1). Досторуңар менен сүйлөшүп жатканда сөздөрүңөрдүн дем-шык бере тургандай болгону жакшы. Анткени мурунку жарыңарды, атүгүл жамандаганга негиз болсо да, жамандай берсеңер, досторуңар силер менен сүйлөшкүсү келбей, алыстап калышы мүмкүн. Ал эми ажырашкандан көп өтпөй маанилүү чечим чыгарыш керек болсо, өзүңөр ишенген бирөө менен кеңешкиле.

  • Ден соолукка кам көргүлө. Ажырашуудан кийин болгон стресстен адамдын ден соолугу начарлашы ыктымал, алсак, кан басымы жогорулашы, башы оорушу мүмкүн. Андыктан жакшы тамактануу, көнүгүүлөрдү жасоо, жетиштүү уктоо маанилүү (Эфестиктер 5:29).

  • Мурунку жарыңарга кыжырыңарды келтире турган нерселерден арылгыла же кереги тийбеген нерселерди жок кылгыла. Бирок маанилүү документтерге тийбегиле. Үйлөнүү тоюңардагы сүрөттөрдү көргөн сайын жүрөгүңөр ооруп жатса, бир нерсеге салып, балдарыңар үчүн катып койгула.

  • Жаман ойго алдырбагыла. Күйөөсү көзүнө чөп салгандыктан ажырашып кеткен Ольга: «„Ал аялдан эмнем кем болду экен?“ — деп бушайман болчумун»,— дейт. Бирок ал жаман ойго алдыра берсе, көңүлү чөгүп кыйналарын түшүнгөн (Накыл сөздөр 18:14).

    Көптөр оюндагысын кагаз бетине жазуу тунук, туура ой жүгүрткөнгө жардам берерин байкашкан. Ушундай кыла турган болсоңор, жаман ойлордон арылып, туура ой жүгүртүүгө аракет кылгыла (Эфестиктер 4:23). Келгиле, эки мисал карап көрөлү:

    Туура эмес: Жарымдын ойноштук кылышына өзүм күнөөлүүмүн.

    Туура: Кемчиликтерим болгон күндө да, ал ошондой ишке барбашы керек болчу.

    Туура эмес: Аны менен өткөргөн кайран өмүрүм.

    Туура: Өткөндү артка таштап, алдыны ойлосом, жашоом жакшыраак болот.

  • Ар бир сөздү көңүлгө ала бербегиле. Досторуңар же туугандарыңар жаман ою жок эле жүрөгүңөрдү ооруткан же силердин жагдайыңарга туура келбеген сөздөрдү айтышы ыктымал. Маселен, «Ал сени деги эле жыргатпайт болчу» же «Кудай ажырашууну жек көрөт да» * деши мүмкүн. Андайда Сулайман пайгамбардын: «Айтылган ар бир сөзгө маани бере бербе»,— деген кеңешине ылайык иш кылганыңар жакшы (Насаатчы 7:21). Күйөөсү менен мындан эки жыл мурун ажырашып кеткен Мартина мындай дейт: «Көңүлгө тийген сөздөр жөнүндө эле ойлоно бербестен, баарына Кудай карагандай караганга аракет кылам. Анткени анын ойлору биздикинен кыйла айырмаланат» (Ышая 55:8, 9).

  • Кудайдан тиленгиле. Кудай бизди, өзгөчө, башка күн түшүп, мөгдөп турганыбызда түйшүктөрүбүздүн баарын ага артканга чакырат (1 Петир 5:7).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Жубатып, күч-кайрат берген Ыйык Китептеги аяттарды жазып алып, көрүнүктүү жерлерге коюп койгула. Ажырашып кеткендердин көбүнө кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге Ыйык Китептен алынган макаладагы аяттардан тышкары бул аяттарда жазылган сөздөр да жардам берген: Забур 27:10; 34:18; Ышая 41:10; Римдиктер 8:38, 39.

Оор учурларда Кудайдын Сөзү күч-кубат берет

2-КЫЙЫНЧЫЛЫК: МУРУНКУ ЖУБАЙЫҢАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕР.

Жолдошу менен 11 жыл жашаган Жулиана: «Күйөөмө таштаба деп аябай жалдырагам. Болбой эле кетип калгандан кийин, ага да, ал кетип калган  аялга да жиним келип жүрдү»,— дейт. Ооба, ажырашып кеткендердин көбү мурунку жарына көп жыл бою ачууланып жүрө берет. Аларга айрым учурларда мурунку жубайы менен, өзгөчө, ортодо балдары болсо, мамилелешкенге туура келет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Сылык болгула. Зарыл нерселер жөнүндө гана сүйлөшкүлө, сөздүн ток этер жерин айтып, кыска сүйлөгүлө. Көптөр мунун уруш-талаштан алыс болгонго өбөлгө түзөрүн баамдашкан (Римдиктер 12:18).

  • Ачууну келтире тургандай сүйлөбөгүлө. Жиниңер келип жатса, Сулайман пайгамбардын: «Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ»,— деп айткандарына ылайык иш кылганга аракет кылгыла (Накыл сөздөр 17:27). Уруш чыкчудай болуп баратса: «Мен ойлонуп көрөйүн, калганын кийин сүйлөшөбүз»,— десеңер болот.

  • Мурунку жубайыңар экөөңөрдү байланыштырган нерселерди, мисалы, медициналык, юридикалык жана акча маселесине байланыштуу документтерди өз-өзүнчө кылууга мүмкүн болушунча аракет кылгыла.

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Кийинки жолу жолукканда коргонуп же өзүңөрдүкүнөн кайтпай жаткан-жатпаганыңарды байкаганга аракет кылгыла. Зарыл болсо, сөздү токтотуп, маселе тууралуу кийинки жолу же электрондук почта аркылуу сүйлөшүүнү сунуш кылгыла (Накыл сөздөр 17:14).

3-КЫЙЫНЧЫЛЫК: БАЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ.

Ажырашкандан кийин кыздарынын эмне болгону жөнүндө Мария мындай деп эскерет: «Кичүү кызым дайыма ыйлачу болду, төшөккө да кайра сие баштады. Ал эми улуу кызым эч нерсе билдирбегенге аракет кылганы менен, анын башкача болуп жатканын байкачумун». Өкүнүчтүүсү, балдар силердин жардамыңарга өзгөчө муктаж болуп турганда, аларга көңүл бурганга убактыңар же күчүңөр жетпей калат.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балдарыңарды ичиндегисин ачык айтканга, атүгүл алар «ойлонбой сүйлөгөндөй» сезилсе да, ачык сүйлөшкөнгө үндөгүлө (Аюп 6:2, 3).

  • Балаңарды аралаштырбагыла. Кыйналып турганда балаңар силерди колдоп, эмоциялык жактан жардам бере алчудай сезилсе да, аларга өзүңөрдүн көйгөйлөрүңөрдү айтып, колдоо көрсөтүшүн сураганыңар туура эмес. Бул аларга зыян алып келиши мүмкүн (1 Корунттуктар 13:11). Балаңарды сырдаш же мурунку жубайыңар менен силердин ортоңордогу ортомчу кылып албагыла.

  • Балаңар жакшы күн тартипке кармангыдай болсун. Бир жерде туруктуу жашоо жана бирдей күн тартипке кармануу пайдалуу. Бирок Кудай менен болгон мамилени бекемдей турган нерселерге, мисалы, Ыйык Китепти окуганга, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөргөнгө убакыт бөлүү андан да маанилүү (Мыйзам 6:6—9).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Ушул жуманын ичинде балаңарга аны жакшы көрөрүңөрдү, ажырашып кеткениңерге ал күнөөлүү эмес экендигин айткыла. Суроолоруна жооп берип жатканда мурунку жарыңарды күнөөлөбөгүлө.

Ажырашкандан кийин андан ары жашап кете аласыңар. «Ажырашканымда жашоомдун өзүм ойлогондой болбой калганына кайгыра берчүмүн»,— дейт күйөөсү менен 16 жыл жашап, ажырашып кеткен Мелиса. Бирок азыр ал жашоодон канааттануу алып жашап жатат. Ал: «Өткөндү өзгөрткөнгө аракет кылбай калгандан кийин жан дүйнөм тынчып калды»,— деп кошумчалайт.

^ абз. 2 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ абз. 18 Кудай куулук, кара ниеттик менен ажырашкандарды жек көрөт. Бирок жубайлардын бири ойноштук кылса, ал күнөөсүз тарапка жары менен ажырашар-ажырашпасын чечкенге укук берет (Малаки 2:16; Матай 19:9). Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деген китептин 219—221-беттерин карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Ыйлагым келгенде бугумду чыгарып ыйлап аламбы?

  • Мурунку жарыма таарынып жүрө бербеш үчүн эмне кылсам болот?