Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Мени көптөр жек көрчү»

«Мени көптөр жек көрчү»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1978

  • ӨЛКӨСҮ: ЧИЛИ

  • МУРУН: КЫЗУУ КАНДУУ БОЛЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Чилинин борбор калаасы Сантьягодо туулгам. Баңгизат колдонгондордун, кылмышкерлердин арасында чоңоюп-өскөм. Беш жашымда атамды өлтүрүп кетишкен. Ошондон кийин апам бир киши менен жашап калды. Ал аябай ырайымсыз, таш боор эле, апам экөөбүздү сабап, күн көрсөтчү эмес. Көкөйдөн кеткис ошол учурлар азыркыга чейин көз алдыман кетпейт.

Чоңоюп калган кезимде тегерегимдегилерге окшоп зөөкүр болуп кеттим. Хэви-метал музыкасын угуп, ичкиликти көп иччүмүн, кээде баңгизат да колдонор элем. Баңгизат саткандар менен мушташып эле басып жүрчүмүн. Алар көзүмдү тазалаганга көп эле аракет кылып көрүштү. Бир жолу мага өчөшүп жүргөн кылмыштуу топ мени өлтүрүш үчүн киши жалдаптыр. Бирок ал мени сайганда, качып кетип бир өлүмдөн калдым. Дагы бир жолу баңгизат саткан топтогу кишилер башыма тапанча такап, андан кийин асып салууга аракет кылышкан.

1996-жылы Каролина деген кызды сүйүп калып, эки жылдан кийин экөөбүз баш коштук. Уулдуу болгондон кийин кызуу кандуулугумдун айынан өгөй атамдай болуп үй-бүлөмдү азап тарттырбасам болду деп корко баштадым. Ошондуктан адамдарга калыбына келүүгө жардам берген жергиликтүү борборго барып дарыланайын деп чечтим. Бирок андан да майнап чыккан жок. Кичинекей бир нерсеге кыжырым кайнап, кармана албай кетме адатымды таштай албай койдум. Акыры, аялым менен балдарымды кыйнабай, өлүп эле калайынчы деп, жанымды кыйганга аракет кылдым, бирок өлбөй калдым.

Көп жыл бою Кудай жок деп жүрсөм да, анын бар экенине ишенгим келчү. Ошон үчүн бир убактарда евангелисттердин динин тутуп жүрдүм. Ошол кезде келинчегим Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан. Аларды көрөйүн деген көзүм жок болчу, кыйкырып-өкүрүп тилдеген учурларым көп болду. Ошого карабай алар дайыма сылык мамиле кылышар эле, мен алар ошентет деп такыр ойлогон эмесмин.

Күндөрдүн биринде Каролина Ыйык Китебимден Забур 83:18ди окуп көрүүнү айтып калды. Ал аятта Кудайдын ысмы Жахаба экени жазылыптыр. Өзүмдүн динимден кудай жөнүндө көп эле нерселерди билгенимди, бирок Жахаба Кудай жөнүндө эч нерсе билбегенимди түшүнгөндө аябай таң  калдым. Ошондон кийин 2000-жылдын баш жагында мен да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ыйык Китептен билим алып, Жахаба Кудайдын ырайымдуу, кечиримдүү экенин билгенде абдан сүйүндүм. Мисалы, Чыгуу 34:6, 7-аяттарда Жахабанын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз... адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган» Кудай экени айтылыптыр.

Жахаба Кудайдын ырайымдуу, кечиримдүү экенин билгенде абдан сүйүндүм

Бирок билгендеримди иш жүзүндө колдонуу оңойго турган жок. Эч качан сабырдуу боло албайм деп ойлочумун. Ачууга алдырып жиберген учурларымда Каролина жылуу сөздөрүн айтып, багынбаганга үндөчү. Кылган аракетимди Жахаба Кудай көз жаздымында калтырбай турганын да эсиме салып турчу. Үмүтүм үзүлүп, колуман эч нерсе келбечүдөй сезилген кездерде жубайымдын колдоп турганы Жахаба Кудайга жаккандай иш кыла бергенге дем берчү.

Бир күнү мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген Алехандро Галатиялыктар 5:22, 23-аяттарын окуп көрүүнү айтты. Ал аяттарда «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» деген сапаттар Кудайдын ыйык рухунун жемиши экени айтылат. Алехандро ошол сапаттарды өз күчүм менен эмес, Кудайдын ыйык рухунун жардам менен гана өрчүтө аларымды түшүндүрүп берди. Ошондо оюм түп-тамыры менен өзгөрдү.

Кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн чоң жыйынына бардым. Ал жердеги тартипти, тазалыкты, биримдикти көргөндө чыныгы динди тапканыма ынандым (Жакан 13:34, 35). Ошентип, 2001-жылдын февраль айында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Жахаба Кудай мага кызуу кандуу болбой, жумшак, сылык киши болуп өзгөргөнгө жардам берди. Ал мени саздан сууруп чыккандай эле болду. Мурда мени көптөр жек көрчү. Бирок аларды күнөөлөбөйм деле. Азыр келинчегим, эки уулум менен бирге Кудайга кубанып кызмат кылып жатам.

Тууган-туушкандарым, мурунку досторум оңолгонумду көргөндө ишене алышкан жок. Өзгөргөнүмдүн аркасында айрымдары Ыйык Китепти изилдегенге кызыгып калышты. Башка да көптөгөн адамдарга Жахаба Кудайды таанып-билгенге жардам бердим. Ыйык Китепте жазылган чындыктын алардын да жашоосун өзгөртүп жатканын көргөндө аябай кубанам!