Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн башкаларга жардам бергенге ынтызар болушум керек?

Эмне үчүн башкаларга жардам бергенге ынтызар болушум керек?

 Көптөр билбеген эки сыр

 1-сыр. Башкаларга жакшылык кылып жардам бергениңдин сөзсүз кайтарымы болот.

 Сенин жардам берүүгө ынтызар, элпек экениңди көрүп, башкалар да сага жардам бергиси келет. Ыйык Китепте бул жөнүндө мындай деп жазылган:

  •  «Бергиле, ошондо силерге да берилет... Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лука 6:38).

  •  «Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, алар да силерге ошондой мамиле кылышат» (Лука 6:38; «Азыркы англис котормосу»).

 2-сыр. Башкаларга жакшылык кылганың — өзүңө жакшылык кылганың.

 Кимдир бирөөгө жакшылык кылсаң, өзүңө-өзүң ыраазы болуп, сүйүнүп каласың. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай деп айтылат:

  •  «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

  •  «Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр. Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт» (Лука 14:13, 14).

 Башкаларга жардам бергенге ынтызар жаштар

 Башкаларга кол кабыш кылганга дилгир жаштардын айрымдарынын айткандарына көңүл бурсаң.

 «Кээде диванга отуруп алып, телевизор көргүм келгенде атам менен апамдын керээли-кечке иштеп, жумуштан аябай чарчап келерин ойлойм да, ордуман туруп, идиш-аякты жууп, чаңдарды сүртүп, үйдү жыйнап коём. Анан алар кофени жакшы көргөндүктөн, кофе даярдап коём. Апам үйгө келип: „А-ий, үйдүн ичи тим эле жалтырайт го! Сонун да жыттанып жатат! Рахмат, алтыным!“ — деп айтканда, төбөм көккө жете сүйүнүп калам. Ушинтип кол кабыш кылып, ата-энемди сүйүндүрүп койгонумда өзүм да кубанып калам» (Кейси).

 «Ата-энем мага эмне керек болсо, ошонун баарын алып берип, мага дайыма жардам берип келишет. Былтыр алардын машинеси бузулуп калганда, албайбыз дегенине карабай, чогултуп койгон акчамдын көбүн бердим. Чынында, алар андан да көптү кылышыма татыктуу. Мен аларга ошентип бир нерсе бере алганыма аябай сүйүндүм» (Холли).

 Билесиңби? Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында көптөгөн жаштар башкаларга Ыйык Китепти окуп-изилдеп, Кудай жөнүндө билим алууга жардам беришет. Айрымдары ал тургай атайын ошол максатта Күбөлөргө муктаж болгон жерлерге көчүп барышат.

 «Мен башкаларга Ыйык Китептен билим алууга жардам бериш үчүн Америка Кошмо Штаттарынан Мексикага көчүп келгем. Өзүмдө тартыш болгондуктан башкаларга акчалай жардам бергенге көп деле мүмкүнчүлүгүм боло бербейт, бирок башкалардын аларга Кудай жөнүндө билим алганга жардам берип, убактымды, күчүмдү жумшап жатканымды көбүрөөк баалай турганын түшүндүм» (Эван).

 Башкаларга кантип жардам берсем болот?

 Жакшылык кылуунун канчалык кубаныч тартуулай турганын сезип көргүң келеби? Ан үчүн эмнелерди кылсаң болот?

 Үйдөгүлөргө:

  •  Айттырбай үйдү жыйнап кой же идиштерди жууп кой

  •  Тамак жасап кой

  •  Ата-энеңе ыраазычылык билдирип открытка жаз

  •  Өзүңдөн кичүүлөргө үй тапшырмасын даярдоого жардам бер

 Башкаларга:

  •  Ооруп жаткан бирөөгө открытка жаз

  •  Улгайып калган коңшуңа кол кабыш кыл

  •  Үйүнөн чыга албаган бирөөгө акыбалын сурап барып кой

  •  Кайсы бир себептен улам кыйналып жүргөн бирөөгө белек бер

 Кеңеш: Башкаларга дагы кантип жакшылык кылса болорун ойлонуп көр. Андан соң ушул жумада, жок дегенде, бир кишиге жакшылык кылып, жардам берүүнү максат кылып кой. Ошондо жакшылык кылуу чынында эле чоң кубаныч тартуулай турганына ынанасың!

 «Башкаларга жардам берсең, өзүңдү сөзсүз бактылуу сезесиң. Анткени кимдир бирөөгө бир нерсе кылып бергениңди түшүнүп, сүйүнөсүң. Анын үстүнө, башкалардын да сага ыраазы болуп калганын көрөсүң. Ушундан ошончолук канааттануу алам деп башында ойлобошуң мүмкүн. Башкаларга жардам бергенден ушунчалык кубаныч алгандыктан, анча-мынча кыйналганың сезилбей деле калат» (Алана).