Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Чөмүлүшүм керекпи? (1-бөлүк) Чөмүлүү деген эмне?

Чөмүлүшүм керекпи? (1-бөлүк) Чөмүлүү деген эмне?

 Жыл сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон көптөгөн жаштар чөмүлүшөт. Бул — аябай маанилүү кадам. Сен да ушу жөнүндө ойлонуп жүрөсүңбү? Эгер ошондой болсо, Кудайга өмүрдү арноо жана чөмүлүү деген эмне экенин билип алышың керек.

 Чөмүлүү деген эмне?

 Ыйык Китепке ылайык, чөмүлүү деген жөн эле суу чачып коюну эмес, сууга толугу менен чумкутулууну билдирет. Бул абдан терең мааниге ээ.

  •   Сууга толугу менен чумкутулганда сен мындан ары өзүңө жаккандай жашабай турганыңды эл алдында көрсөтөсүң.

  •   Ал эми суудан чыкканда жаңы жашоо баштап жатканыңды, тагыраак айтканда, Кудайга жаккандай жашагың келерин көрсөтөсүң.

 Чөмүлүү менен сен Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес экенин айтканга укуктуу экенин кабыл аларыңды эл алдында көрсөтөсүң. Ошондой эле Кудайга: «Сен каалагандай жашайм»,— деп убада бергениңди көпчүлүктүн алдында жарыя кыласың.

 Ойлонуп көр: Эмне үчүн Жахабанын тилин алып жашагың келерин эл алдында көрсөтүшүң керек? (Кара: 1 Жакан 4:19 жана Аян 4:11).

 Кудайга өмүрдү арноо деген эмнени билдирет?

 Чөмүлгөнгө чейин Жахабага өзүңдү арнашың керек. Кантип?

 Андан жекече тиленип, ага түбөлүккө кызмат кыларыңды убада кыласың. Мындан тышкары, жашоодо кандай жагдайга туш болбо, башкалар эмнени тандабасын, анын гана эркин аткарарыңды айтып убада бересиң.

 Ал эми чөмүлгөндө Кудайга өзүңдү арнаганыңды эл алдында көрсөтөсүң. Ошондой эле мындан ары жашооңо өзүң ээлик кылбай турганыңды, Жахабага таандык болуп калганыңды билдиресиң (Матай 16:24).

 Ойлонуп көр: Жахабага өзүңдү толугу менен тапшыргандан кийин эмне үчүн жашооң жакшы жакка өзгөрөт? (Кара: Ышая 48:17, 18 жана Еврейлер 11:6).

 Чөмүлүү эмне үчүн маанилүү?

 Иса пайгамбар шакирттерине чөмүлүшү керектигин айткан (Матай 28:19, 20). Ошон үчүн бүгүнкү күндө анын жолдоочусу болгондордун баары чөмүлүшү керек. Анын үстүнө, Ыйык Китепте куткарылыш үчүн чөмүлүү маанилүү экени айтылат (1 Петир 3:21).

 Ошентсе да чөмүлгөнгө Жахабаны жакшы көргөнүң жана ага ыраазы болгонуң түрткү бергени маанилүү. Ниетиң забурчунукундай болушу кажет. Ал мындай деп айткан: «Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын кантип актайм? Жахабанын ысмын чакырам... Жахабага берген убадаларымды... аткарам» (Забур 116:12—14).

 Ойлонуп көр: Жахаба сага кандай жакшылыктарды кылды? Сен аларды кантип актай аласың? (Кара: Мыйзам 10:12, 13 жана Римдиктер 12:1).