Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Тынчсызданбаш үчүн эмне кылсам болот?

Тынчсызданбаш үчүн эмне кылсам болот?

 Эмнеден улам тынчсызданасың?

 Сен да кээде бул жаштардыкындай сезимде болосуңбу?

 «Мен мындай болуп кетсечи, тигиндей болуп кетсечи... Жол кырсыгына кабылып калсамчы... Биз түшкөн учак жерге кулап түшсөчү деп эле убайым тарта берем. Акыл-эстүү адамдар тынчсызданбай турган нерселерди ойлоп сары санаа боло берем» (Чарлз).

 «Тынчсызданбаган бир да күнүм болбойт. Өзүмдү дөңгөлөктүн ичинде тегерене берген тыйын чычкандай сезем. Жанымды аябай, тырышып эле аракет кылам, бирок жарытып деле иш бүтүрбөйм» (Анна).

 «Айрымдар мага мектепте окуган кандай жакшы деп айтышат, бирок мен ичимден: „Силер мектепте окуу азап экенин билбейсиңер да“,— дейм» (Даниел).

 «Мен артыман бирөө түшүп алгансып, дайыма шашып жүрөм. Боло элек нерсени же кылыш керек болгон ишимди ойлоп санааркай берем» (Лаура).

 Чындык: Биз Ыйык Китепте «өзгөчө оор мезгил» деп аталган убакта жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Ошондуктан азыр жаштарды да, чоң кишилерди да тынчсыздандырган нерселер көп.

 Тынчсыздануу дайыма эле зыян алып келеби?

 Жок. Ыйык Китепте жакшы көргөн адамдарын ойлоп тынчсыздануу туура экени айтылат (1 Корунттуктар 7:32—34; 2 Корунттуктар 11:28).

 Андан тышкары, тынчсыздануу туура иш кылууга түрткү бериши мүмкүн. Мисалы, кийинки жумада экзамен тапшырасың деп коёлу. Аны ойлоп тынчсыздангандыктан алдын ала даярдана баштайсың. Ошентип, тынчсызданганыңдын натыйжасында жакшы баа аласың!

 Тынчсыздануунун дагы бир пайдасы, ал сага коркунучту аңдай билгенге жардам берет. Серена деген өспүрүм кыз: «Туура эмес жолдо баратканыңды билгендиктен тынчсызданып, тийиштүү иш-аракет кылышың жана айрым нерселерди өзгөртүшүң мүмкүн»,— дейт (Салыштыр: Жакып 5:14).

 Чындык: Эгер тынчсызданганыңдын аркасында туура иш кылууга түрткү алып жатсаң, бул анын пайдасы тийип жатканын көрсөтүп турат.

 Бирок лабиринттен чыга албай жаткан сыяктуу, терс ойлордон эч арыла албай жатсаңчы?

Тынчсызданганда лабиринттен чыга албай жаткандай болушуң мүмкүн, бирок жагдайды толук түшүнгөн адам жол көрсөтүшү ыктымал

 Мисал: «Жагдай азыркыдай болбой, жаман болуп кетсе эмне кылам деп санааркай берем. Ошо жөнүндө улам-улам ойлоно бергендиктен жанымды коёрго жер таппай калам»,— дейт 19 жаштагы Ричард.

 Ыйык Китепте: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:30). Ал эми санаа тарта берүү ден соолукка зыян келтирип, ашказан оорусуна, баш оорусуна чалдыктырат жана баш айланууга, жүрөктүн тез-тез согушуна алып келет.

 Андыктан тынчсыздануу сага пайдасын тийгизбей эле зыян келтирип жатса, эмне кылсаң болот?

 Эмне кылсаң болот?

  •   Тынчсызданганыңдын жөнү бар-жогун аныкта. «Жоопкерчиликтериңди ойлоп тынчсыздануу башка нерсе, ал эми өтө эле сарсанаа боло берүү таптакыр башка нерсе. Бул мага: „Тынчсыздана берүү термелген отургучка отуруп алып термеле бергенге окшош. Канча күч жумшасаң да, алдыга такыр жылбайсың“,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин эскертип турат» (Катерина).

     Ыйык Китепте эмне делет? «Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» (Матай 6:27).

     Бул эмнени билдирет? Тынчсыздануу пайдасын тийгизбесе, көйгөйүңө көйгөй кошот же тынчсыздануу көйгөйдүн өзүнө айланып калат.

  •   Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданба. «Ойлоп көрсөң, сен кабатыр болгон нерсе эртең, бир айдан кийин, бир жылдан кийин же беш жылдан кийин сен азыр тынчсызданганчалык олуттуу болобу?»

     Ыйык Китепте эмне делет? «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34).

     Бул эмнени билдирет? Эртеңкини ойлоп түйшүк тартуу — курулай убаракерчилик. Анткени сен санаа тарткан нерселердин айрымдары таптакыр болбошу мүмкүн.

  •   Өзгөртө албай турган жагдайларда санаа тартпаганга үйрөн. «Алдыда болушу мүмкүн болгон нерсеге колуңан келишинче даярдык көргөнүң жакшы, бирок айрым жагдайларды өзгөртүү мүмкүн эмес» (Роберт).

     Ыйык Китепте эмне делет? «Жарышта жеңишке шамдагайлар эле... жете бербейт... Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11).

     Бул эмнени билдирет? Айрым учурда жагдайыңды өзгөртө албайсың, бирок ага болгон көз карашыңды өзгөртө аласың.

  •   Жагдайга башкача карап көр. «Мен майда-чүйдө нерселерге көңүл топтой бербей, жагдайды толук түшүнгөнгө аракет кылышым керектигин аңдадым. Эмне баарынан маанилүү экенин баамдап, күчүмдү ошого жумшашым керек экен» (Алексис).

     Ыйык Китепте эмне делет? «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

     Бул эмнени билдирет? Жагдайды толук түшүнгөнгө аракет кылгандар анча тынчсызданбайт.

  •   Кимдир бирөө менен сүйлөш. «Мен 11 жашымда сабактан аябай жаман болуп келчүмүн. Үйгө келгенден кийин эртеси мектепке баргым келбей зааркана берчүмүн. Апам менен атама ички сезимдеримди айтып жатканда, алар кунт коюп угушчу. Алардын мени ошентип колдогонуна абдан ыраазымын. Апам менен атама ишенгендиктен баарын ачык айтып берчүмүн. Бул эртеси болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга тике караганга күч берчү» (Мэрилин).

     Ыйык Китепте эмне делет? «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (Накыл сөздөр 12:25).

     Бул эмнени билдирет? Көп тынчсызданбаш үчүн эмне кылсаң болоруна байланыштуу ата-энең же досуң эң сонун кеңештерди бериши мүмкүн.

  •   Тилен. «Үнүмдү чыгарып тиленгеним мага аябай жардам берет. Ошондо санаамды ичиме катып жүрө бербей, сыртка чыгара алам. Мени кабатыр кылган нерселерди Жахабанын оңой эле чечип коё турганын да түшүнөм» (Лаура).

     Ыйык Китепте эмне делет? «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).

     Бул эмнени билдирет? Тиленүү тек гана жеңилдеп калуунун жолу эмес. Тиленгенде Жахаба Кудай менен сүйлөшөбүз. Ал: «Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деп убада кылат (Ышая 41:10).