Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ката кетиргенде эмне кылышым керек?

Ката кетиргенде эмне кылышым керек?

 Сен эмне кылат элең?

 Каринанын кандай жагдайга туш болгонун окуп көрүп, өзүңдүн да ошондой жагдайга туш болгонуңду элестетип көр. Анын ордунда болсоң, сен эмне кылат элең?

 Карина: «Машинемди катуу айдап мектепке баратканда полиция кызматкерине кармалып калдым. Ал мени токтотуп, колума айып пул кагазын карматты. Ошондо аябай жаман болдум. Болгон окуяны апама айтып бердим. Апам ал жөнүндө атама да айтышым керектигин айтты. Бирок мен атама такыр айткым келген эмес».

  Сен эмне кылат элең?

  1.  А варианты: Атам билбей калат деп жашырып коймокмун.

  2.  Б варианты: Атама болгонун болгондой айтып бермекмин.

 Мүмкүн, А вариантында жазылгандай, атам билбей калат деп кылган ишиңди жашырып койгуң келмектир. Апаң болсо сени атасына өзү барат деп, болгон окуяны атаңа айтмак деле эместир. Бирок жол эрежесин бузасыңбы же дагы башка туура эмес иш кыласыңбы, аны жашырбай, ачык айтканың маанилүү. Ушундай кылганга орчундуу себептер бар.

 Эмне үчүн моюнга алыш керек?

  1.  1. Ушундай кылсаң, туура иш кылган болосуң. Ыйык Китепте Кудайга жаккысы келген адамдардын «бардык жагынан чынчыл болушу» керектиги жазылган (Еврейлер 13:18).

     «Мага чынчыл болууга, туура эмес ишимдин кесепетин өз мойнум менен тартууга, кетирген катамды дароо моюнга алууга үйрөнүш үчүн көп күч-аракет жумшаганга туура келди» (Алексис).

  2.  2. Катасын моюнга алгандарды кечирүү оңой. Ыйык Китепте: «Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:13).

     «Катаны моюнга алыш үчүн кайраттуулук талап кылынат. Бирок кетирген катаңды моюнга алганың чынчыл экениңди көрсөткөндүктөн, башкалар сени көбүрөөк сыйлашат. Катаңды моюнга алганыңда жаман нерсени жакшы нерсеге айланткандай болосуң» (Ричард).

  3.  3. Баарынан маанилүүсү, мындай кылганың Жахаба Кудайга жагат. Ыйык Китепте: «Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот»,— делет (Накыл сөздөр 3:32).

     «Олуттуу ката кетиргенде аны жашырбай, моюнга ала билишим керектигин түшүндүм. Анткени Жахабага жаккандай иш кылбасам, ал мага эч качан батасын бербейт да» (Рейчл).

 Жогоруда сөз кылынган Карина эмне кылган? Ал айып пул кагазын атасынан жашырып койгон. Бирок кыңыр иши кийин баары бир билинип калган. Ал мындай дейт: «Ошондон бир жыл өткөндөн кийин, атам төлөмдөрдүн кагаздарын карап жатып менин атыма жазылган баягы айып пул кагазын таап алган. Ошондо атаман да, апаман да катуу тил уккам».

 Карина кандай сабак алган? Ал: «Туура эмес иш кылганыңды жашырсаң, ого бетер жаман кыласың. Акыры, баары ачыкка чыгып, кийин баары бир кесепетин тартат экенсиң»,— дейт.

 Каталарыңдан сабак ал

 Баарыбыз эле ката кетиребиз (Римдиктер 3:23; 1 Жакан 1:8). Андайда, жогорудан билгенибиздей, каталарыбызды дароо моюнга алышыбыз керек. Бул — момундуктун жана жетилгендиктин белгиси.

 Катабызды моюнга алгандан тышкары, андан сабак алганды да үйрөнүшүбүз керек. Өкүнүчтүүсү, айрым жаштар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишет. Алар Прискилла деген кыздыкындай сезимде болушу мүмкүн. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Каталарымды ойлогондо көңүлүм чөгүп, бушайман боло берчүмүн. Өзүм жөнүндө төмөн ойдо болгондуктан, каталарым мага көтөрө алгыс оор жүктөй сезилчү. Аябай кайгырып, колуман эч нерсе келбейт деп ойлой берчүмүн».

 Сенде да кээде өзүңдү ушундай сезген учурларың болобу? Эгер ошондой болсо, бир нерсени эсиңден чыгарба: мурда кетирген каталарды эле ойлой берүү машинени арткы күзгүсүн карап алып айдаганга окшош болуп калат. Көңүлүңдү өткөн нерсеге эле топтой берсең, өзүңдү эч нерсеге татыксыз сезип, алдыдагы кыйынчылыктарды көтөргөнгө күчүң калбай калат.

 Анын ордуна, тең салмактуу көз карашта болгонго аракет кыл.

 «Мурдагы каталарыңды кайра кайталабаш үчүн алардан сабак ал. Бирок кечке эле ошол каталарың жөнүндө ойлоно бербе, антсең, көңүлүң чөгүп, кыйналасың» (Элиот).

 «Мен ар бир катаман сабак алганга аракет кылам. Аларды мага жакшы адам болгонго жана кийинки жолу башкача иш кылганга жардам бере турган тажрыйба катары көрөм. Ушундай көз карашта болгон жакшы экен, себеби ошонун аркасында көп нерсеге үйрөнө берет экенсиң» (Вера).