Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жөн эле доспузбу же сүйүп калдымбы? 1-бөлүк. Эмнеден улам ушинтип ойлоп жатам?

Жөн эле доспузбу же сүйүп калдымбы? 1-бөлүк. Эмнеден улам ушинтип ойлоп жатам?

 Сен аны жактырып калдың. Мен да ага жагат окшойм деп ойлоп жатасың. Анын үстүнө, дайыма жазышып турасыңар, отуруштарда да чогуу жүрөсүңөр. Анда-санда сага көңүлү бардай мамиле кылып коёт.

 Анан бир күнү: «Сенин чын эле мага көңүлүң барбы?» — деп сурасаң эле: «Жок, ай. Сени досумдай эле көрөм»,— деген жоопту угасың.

 Кандай сезимде болосуң?

 «Өзүмө да, ага да жиним келди. Биз күнүгө жазышчубуз. Мени жактыргандай сезилчү. Ушинтип жатса, анан жактырып каласың да» (Жасмин).

 «Сүйлөшүп жүргөн досторубуз, бирдеме болсо эле, экөөбүздү чакыра беришчү. Биз да, тигилердей болуп, сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттей көрүнчүбүз. Көп убакыт чогуу өткөрчүбүз, бат-баттан да жазышып турчубуз. Анын мени жөн эле досу катары көрүп, башка бир жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн билгенде аябай жаман болгом» (Ричард).

 «Бир бала мага күнүгө жазчу. Кээде бири-бирибизге тийишип койчубуз. Аны жактырып калганымды айтканда, ал: „Менин азыр бирөө менен сүйлөшөйүн деген деле оюм жок“,— деп күлдү. Ошондон кийин көпкө чейин ыйлап жүрдүм» (Тамара).

 Жыйынтык. Бирөөнү жактырып калсаң, бирок анын сага карата эч кандай сезими жок болсо, жиниң келиши, өзүңдү күнөөлөшүң мүмкүн. Ал сени таштап кеткендей сезилиши да ыктымал. Бул табигый эле сезимдер. Стивен деген жигит мындай дейт: «Ушундай нерсеге туш болгондо аябай жаман болгом. Көпкө чейин эч кимге ишенбей жүрдүм».

 Эмне үчүн ушундай болуп калды?

 SMS жазышып, социалдык тармактар аркылуу байланышып жүрүп эле кимдир бирөөнү оңой эле жактырып калышың мүмкүн. Анын болсо андай деле ою жок. Айрым жаштардын эмне дегенине көңүл бурсаң.

 «Кээ бирөөлөр кыларга иши жок болгону үчүн эле жаза беришет. Күнүгө эле жаза берсе: „Мени жактырып калган окшойт, болбосо, эмнеге минтип жазмак эле“,— деп ойлоно баштайт экенсиң» (Женифер).

 «Бирөө чындап эле кыз же жигит издеп жүргөн болсо, башкасы жөн эле аркы-беркини сүйлөшкөндү, өзү жөнүндө жакшы сөздөрдү укканды жакшы көрүшү мүмкүн» (Жеймс).

 «Жөнөкөй эле „Түнүң бейпил болсун“ деген сөздөрдү башкача кабыл алышың мүмкүн. Ал болсо элдин баарына эле ушинтип жаза берет» (Хейли).

 «Каттардагы жылмайган жүздүн сүрөтү маанайыңдын жакшы экенин же тийишип жатканыңды билдириши мүмкүн. Кээде ошондой каттар келгенде мага тийишип жатат окшойт деп ойлоп каласың» (Алиса).

 Жыйынтык. Карап койсо, күлдү дебе. Күлүп койсо, сүйдү дебе.

 Айтканга оңой дешиң мүмкүн. Анткен менен Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— делет (Жеремия 17:9). Туура эмес жоруп алганың кумдан сепил курганга окшош. Ал толкун тиери менен жуулуп кетет.

 Эмне кылсаң болот?

  •   Калыс ой жүгүрт. Ортодогу мамилеңерге туура баа бериш үчүн: «Ал мага башкача мамиле кылат деп эсептегенге негиз барбы?» — деп ойлонуп көр. Сезимдериң «акыл жөндөмүңө» үстөмдүк кылбасын (Римдиктер 12:1).

  •   Эстүүлүк көрсөт. «Мени жакшы көрөт окшойт»,— деп ойлой бербей, жөн эле дос болгонубуз үчүн ушинтип жатат окшойт деп да ойлонуп көр. Өзүң жактырып калсаң эле, ал да сени жакшы көрөт деп жыйынтык чыгаргандан алыс бол.

  •   Шашпа. Ал: «Жакыныраак таанышып көрбөйлүбү»,— деп ачык айтмайын, сезимдериңди өрчүтпө. Болбосо өзүң эле көңүл чөгөттүккө учурайсың.

  •   Сүйлөшүп көр. Ыйык Китепте «сүйлөй турган убак бар» экени айтылат (Насаатчы 3:7). Кимдир бирөө сага башкача мамиле жасап жаткандай сезилип жатса, аны менен сүйлөшүп көр. Валерия деген кыз: «Бир нече ай өткөндөн кийин: „Аа, мени жакшы көрчү деле эмес турбайбы“,— деп кыйналгандан көрө, башында эле билип алганың жакшы. Ошондо анчалык кыйналбайсың»,— дейт.

 Жыйынтык. Накыл сөздөр 4:23тө: «Жүрөгүңдү сакта»,— деп жазылган. Кимдир бирөөнү жактырып жүрсөң, анын да сага карата сезимдери барбы, жокпу, билгенге аракет кыл. Сезимдерди эч кандай негиз жок эле өрчүтө бергенди таштын үстүнө гүл өстүргөнгө салыштырса болот.

 Эгер кимдир бирөөнүн сага көңүлү бар экенин билсең, эмне кылсаң болот? Өтө эле жаш болбосоң, сүйлөшө баштаганга даяр болсоң, жакшылап ойлонуп көр. Бирдей рухий максаттары бар, бири-бири менен ачык сүйлөшкөн, бири-бирине ишенген жубайлардын никеси бекем болорун эсиңден чыгарба (1 Корунттуктар 7:39). Андай жубайлар башынан баштап эле жакшы достордон болушат (Накыл сөздөр 5:18).