Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сүйлөшө баштоо (1-бөлүк) Сүйлөшө баштаганга даярмынбы?

Сүйлөшө баштоо (1-бөлүк) Сүйлөшө баштаганга даярмынбы?

Сүйлөшө баштоо деген эмне?

  Айрымдар сүйлөшө баштоону жөн эле жагымдуу убакыт өткөрүү катары көрүшөт. Бирок бул макалада «сүйлөшүү» деген сөз кыз-жигиттин бири-бирине төп келер-келбесин аныктоо максатында чогуу убакыт өткөрүшүнө карата колдонулат. Демек, кыз-жигит сүйлөшө баштаганда алардын белгилүү бир максаты болот. Кимдир бирөө менен сүйлөшө баштоо карама-каршы жыныстагы кишинин көңүл бурганы жаккан үчүн эле аны менен убакыт өткөрүү болбошу керек.

 Убакыттын өтүшү менен же үйлөнөбүз, же мамилени токтотобуз деген чечим чыгарыш керек болот. Андыктан сүйлөшө баштаганда ушул эки нерсеге тең даяр болгонуң маанилүү.

 Жыйынтык: эгер сүйлөшө баштоого даярмын десең, анда үй-бүлө курганга да даяр экениңе ынанышың керек.

Үй-бүлө курам деген максаты жок эле сүйлөшүү жумушка орношом деген ниети жок эле жумуш берүүчү менен маектешкенге барабар

Сүйлөшө баштаганга даярсыңбы?

  Сүйлөшө баштоонун максаты үй-бүлө куруу болгондуктан: «Менин кандай сапаттарым бар?» — деп ойлонуп көр. Анткени сендеги сапаттар ортоңордогу мамилени же бекемдейт, же бузат. Мисалы, төмөнкүлөр жөнүндө ойлонуп көр:

  •   Үйүңдөгүлөр менен болгон мамилең. Ата-энеңе, бир туугандарыңа, айрыкча, стресс болуп жатканда кандай мамиле кыласың? Мындан болочоктогу жубайыңа кандай мамиле кыларыңды билсе болот.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла» (Эфестиктер 4:31).

     Ойлонуп көр. Ата-энем менен бир туугандарымды сыйлаймбы? Алар бул суроого «ооба» деп жооп бере алабы? Кимдир бирөөсү менен келишпестик болгондо, жай сүйлөшүп чечишемби? Же атырылып, талашып киремби?

    Эгер ата-энең менен келише албасаң, анда болочоктогу түгөйүң менен келише аласыңбы?

  •   Жан аябастык. Үй-бүлө курганда жубайыңдын каалоосун эске алып, көбүнчө ага жакканды кылганга туура келет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктар 10:24).

     Ойлонуп көр. Дайыма эле мен каалагандай болушу керек деп талап кыла бербеймби? Мени эстүү киши деп эсептешеби? Башкалардын кызыкчылыктарын өзүмдүкүнөн жогору коёрумду кандай жолдор менен көрсөтүп жатам?

  •   Момундук. Жакшы түгөй өзүнүн катасын мойнуна алып, чын жүрөктөн кечирим сурайт.

     Ыйык Китептеги принцип: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жакып 3:2).

     Ойлонуп көр. Катамды дароо эле мойнума аламбы же актанып киремби? Кимдир бирөө жакшырышым керек болгон жагымды айтканда, таарынбаймбы?

  •   Акча маселеси. Негизи, үй-бүлөдө чыр-чатак көп учурда акчанын айынан болот. Акчаны эстүүлүк менен колдонгон киши андай кыйынчылыктардан кача алат.

     Ыйык Китептеги принцип: «Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» (Лука 14:28).

     Ойлонуп көр. Акчаны колдонууда өзүмдү ооздуктай билемби? Же дайыма эле карызга батып жүрөмбү? Акчаны эстүүлүк менен колдонорумду кантип көрсөтүп жатам?

  •   Кудай менен болгон мамилеңди бекемдеген иштер. Эгер сен Жахабанын Күбөсү болсоң, Ыйык Китепти окуп-изилдеш үчүн жакшы күн тартипке карманганың, жыйналышка катышканың маанилүү.

     Ыйык Китептеги принцип: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3).

     Ойлонуп көр. Кудайга болгон ишенимимди бекем сакташ үчүн күч-аракет жумшаймбы? Кудайга сыйынуу жашоомдо эң маанилүү орунда турабы? Же башка нерселердин мени алаксытышына жол беремби?

 Жыйынтык: Сен турмуш кургуң келген киши да жакшы өмүрлүк жарга татыктуу. Эгер сен жакшы түгөй болгонго аракет кыла берсең, ошондой эле максатка умтулуп жаткан кимдир бирөөнүн купулуна толушуң мүмкүн.