Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ичимдик тууралуу эмнени билишим керек?

Ичимдик тууралуу эмнени билишим керек?

 Ыйык Китепте чени менен ичүүгө тыюу салынбайт. Бул маселеде өлкөнүн мыйзамын эске алуу керек. Ыйык Китепте аракечтикке тыюу салынат (Забур 104:15; 1 Корунттуктар 6:10).

 Мыйзам да, ата-энең да тыюу салганына карабай, кимдир бирөөлөр сени ичүүгө мажбурласа, эмне кыласың?

 Кесепетин ойло

 Кээ бир жаштар көңүл ачыш үчүн сөзсүз ичиш керек деп ойлошот. Ичкенден кийин эмне болушу мүмкүн?

  •  Мыйзамды бузасың. Жашаган өлкөңдүн мыйзамына ылайык, ичимдик ичүүгө байланыштуу мыйзамды бузганың үчүн айып пул төлөшүң, кылмышкер деп табылышың, айдоочулук күбөлүгүңдү алдырышың, коомдук иштерди кылууга мажбур болушуң же түрмөгө отурушуң мүмкүн (Римдиктер 13:3).

  •  Аброюң түшөт. Өзүңдү башкара албай калышың ыктымал. Ичип алгандан кийин өкүнүп кала турган сөздөрдү айтып алышың же ошондой иштерди кылып алышың мүмкүн (Накыл сөздөр 23:31—33). Маалымат бат тараган азыркы доордо кылган туура эмес иштериңдин айынан өмүр бою жаман атка конуп каласың.

  •  Өзүңдү коргой албай каласың. Ичкенден кийин бирөө сени сабап коюшу же зордуктап коюшу мүмкүн. Же башкалардын таасирине алдырып, андан ары жаман иштерди кылышың, мыйзамды бузушуң ыктымал.

  •  Көз каранды болуп каласың. Айрым изилдөөлөргө ылайык, жаш кезинен иче баштагандар спирт ичимдиктеринен көбүрөөк көз каранды болуп калат. Стресстен, жалгызсырагандан, тажагандан улам иче берсең, анын сазынан чыгыш оордогондон оордой берет.

  •  Өмүрүңөн айрыласың. Акыркы жылдагы билдирүүгө ылайык, Кошмо Штаттарда ичип алып машине айдагандын айынан ар бир 52 мүнөт сайын бир киши өлүп турат. 5 жылдын ичинде 21 жашка чейинки 1 500дөн ашуун бала ичип алып машине менен жарышкандын айынан каза табат. Өзүң ичпесең да, ичип алып айдаган бирөөнүн машинесине отурсаң, өмүрүңдү тобокелге саласың.

 Чечип ал

 Алдын ала чечип алсаң, ичимдиктин айынан болчу кесепеттерден, кыйынчылыктардан кача аласың.

 Ыйык Китептеги принцип: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат» (Накыл сөздөр 22:3). Толук көңүл бурууну талап кылган иш кылардын алдында ичимдик ичүү туура эмес.

 Чечимиң. «Ичимдик ичем деп чечсем, мыйзамды жана жагдайды эске алам».

 Ыйык Китептеги принцип: «Кимге баш ийсеңер, ошого кул болосуңар» (Римдиктер 6:16). Теңтуштарың ичип жатканы үчүн эле ичсең, алардын сени башкарып алышына жол берген болосуң. Стрессти чыгарыш үчүн же алаксыш үчүн ичсең, кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө үйрөнбөй каласың.

 Чечимиң. «Ич деп кыйнаган теңтуштарымдын кысымына алдырбайм».

 Ыйык Китептеги принцип: «Шарапка мас болгондордун... арасында болбо» (Накыл сөздөр 23:20). Жаман достор чечкиндүүлүгүңдү басып коюшу мүмкүн. Көп ичкендер менен жүрсөң, бир балээге кабыласың.

 Чечимиң. «Көп ичкендер менен мамилелешпейм».