Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Өтө көптү талап кылбаймбы?

Өтө көптү талап кылбаймбы?

 Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берсең, анда сен өтө көптү талап кыла бересиң.

  •   Сабактан 5 деген баа гана алышым керек деп ойлойсуңбу?

  •   Татаалдай сезилген ишти жакшы кыла албайм деп, андан кача бересиңби?

  •   Кеңешти кабыл алыш кыйынбы?

 Буга көңүл бурганың эмне үчүн маанилүү?

 Өтө көптү талап кыла берүүнүн эмнеси жаман?

 Иштин майын чыгара кылганга умтулуунун жаман жери жок. Бирок өтө көптү талап кыла берүү жөнүндөгү бир китепте «кайсы бир ишти жакшы жасаганга аракет кылуу менен колдон келбеген нерсеге аракет кылуунун айырмасы чоң» экени айтылган. Ошондой эле анда: «Өтө көптү талап кылуу адамга жүк болот, анткени бардык нерсе дайыма эле ойдогудай боло бербейт»,— деп жазылган («Perfectionism — What’s Bad About Being Too Good?»).

 Ыйык Китепте буга байланыштуу мындай делет: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок» (Насаатчы 7:20). Жеткилең эмес болгондуктан кээде кайсы бир нерсени өзүң каалагандай кыла албайсың.

 Ошондо сен аябай жаман болосуңбу? Анда өтө көптү талап кыла берүүнүн 4 зыяндуу жагына көңүл бур.

  1.   Өзүңө карата болгон көз карашың. Өзүнөн көптү талап кылган киши өзүнө карата акылга сыйбаган талаптарды коюп алат. Натыйжада көңүл чөгөттүккө дуушар болот. «Чынында, элдин асты деле болгуң келбейт. Бирок өзүңөн көптү талап кылбай, эл катары болоюн десең, колуңан эч нерсе келбегендей сезимде боло бересиң. Ошол нерсе көңүлүңдү чөктүрөт»,— дейт Алисиа.

  2.   Пайдалуу кеңешке болгон көз карашың. Өтө көптү талап кыла берген кишиге кайсы бир нерсени кантип жакшыртса болоруна байланыштуу кеңеш берилгенде ал өзүн сындап жаткандай кабыл алат. Жереми мындай дейт: «Мага кеңеш беришкенде, аябай катуу тиет. Негизи, өтө көптү талап кыла берген кишиге өзүнүн алсыз жактарын, жардамга муктаж экенин моюнга алуу кыйын».

  3.   Башкаларга болгон көз карашың. Өтө көптү талап кыла берген киши башкалардын кемчилигин дароо эле байкап, көп сындайт. «Өзүңөн көптү талап кыла берсең, башкалардан да ошону талап кыласың,— дейт 18 жаштагы Анна.— Башкалар сенин талаптарыңа жооп бербесе, алардан көңүлүң калып калат».

  4.   Башкалардын сага болгон көз карашы. Башкалардан өтө көптү талап кыла берсең, алар сенден кача баштайт. «Акылга сыйбаган талаптарды коюп алып, анан ошого жараша жашайм деп жатып, эсиң ооп калат. Эч ким андай кишинин жанында тургусу келбейт»,— дейт Бет.

 Мындан башка да жол барбы?

 Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп жазылган (Филипиликтер 4:5). Эстүү адам өзүнөн жана башкалардан акылга сыярлык нерселерди күтөт.

 «Ансыз деле жашоо оор. Андыктан өзүңө кошумча жүк артуунун эмне кереги бар? Башка кыйынчылыктар деле жетиштүү» (Найле).

 Ыйык Китепте: «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр»,— деп жазылган (Микей 6:8). Жөнөкөй адам эмнени кылууга кудурети жетерин түшүнөт. Колунан келбеген ишке умтулбайт. Кайсы бир ишке тийиштүүдөн ашык убакыт сарптабайт.

 «Мага тапшырылган иштерди жакшы аткаргым келсе, өзүмөн акылга сыярлык нерселерди күтөм. Колуман келгенин кылам» (Хайле).

 Ыйык Китепте: «Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер»,— деп жазылган (Насаатчы 9:10). Өтө көптү талап кыла берүүнүн дарысы — жалкоо болуу эмес, эмгекчил болуу. Бирок ал жогоруда айтылган сапаттар — эстүүлүк, жөнөкөйлүк — менен коштолушу керек.

 «Ишти колуман келишинче жакшы аткарганга аракет кылам. Баарын жеткилең түрдө кыла албасам да, бүт күчүмдү жумшаганыма кубанам» (Жошуа).