Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (3-бөлүк) Ыйык Китепти толук пайдасы тийгидей кылып оку

Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (3-бөлүк) Ыйык Китепти толук пайдасы тийгидей кылып оку

 Ыйык Китепти ачканда жалаң гана сөздөрдү көрөсүң. Бирок «ий, муну кантип окуйм» деп көңүлүңдү чөгөрбө. Аны түрдүү тамак-аш жайылган үстөлгө салыштырса болот. Албетте, анын баарын бир жей албайсың. Бирок өзүңө жакканын тандап жесең болот.

 Ыйык Китепти окугандын пайдасы толук тийиши үчүн, көңүл топтоп окушуң керек. Бул макаладагы кеңештер сага так ушундай кылганга жардам берет.

Бул макалада:

 Ыйык Китепти эмне үчүн көңүл топтоп окуш керек?

 Аракеттин берекети болот. Ошон үчүн Ыйык Китепти бүт дитиңди коюп оку. Ойлонуп көрсөң: баштыкчадагы чайды ысык сууга кыска эле убакытка салсаң, бир аз эле даамы чыгат. Бирок чай даамдуу болушун кааласаң, аны көбүрөөк кармашың керек.

 Ыйык Китепти окуу тууралуу да ушуну айтууга болот. Бат эле малып чыгарып албай, окуп жатканда акылың менен да, жүрөгүң менен да сүңгүп кир. 119-забурду жазган киши да ушинткен. Кудайдын мыйзамы жөнүндө ал: «Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм»,— деген (Забур 119:97).

 Албетте, бул сөздүн түз маанисинде бир күн кечке Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүп отура беришиң керек дегенди билдирбейт. Забурчунун бул сөздөрү анын Кудайдын Сөзүн окуганга, ой жүгүрткөнгө атайын убакыт бөлгөнүн билдирет. Мындай кылганы ага туура чечимдерди чыгарганга жардам берген (Забур 119:98—100).

 «Бир жолу апам мага мындай деген: „Бир жумада жети күнүң бар. Жети күн бою эмнени кааласаң, ошонун баарын кыла аласың. Жахабага да убакыт бөлгөнгө аракет кылып көрбөйсүңбү? Ошентсең, эң туура кылган болосуң!“» (Мелани).

 Ыйык Китептеги принциптер тууралуу ой жүгүртсөң, туура чечим чыгара аласың. Мисалы, алар сага дос тандаганга же жаман ишке азгырылбаганга жардам берет.

 Ыйык Китепти окугандан толук пайда алыш үчүн эмне кылсаң болот?

  •   План түзүп ал. «Ыйык Китепти окуганга жакшы график түзүп ал,— дейт 15-жаштагы Жулия.— Эмнени окууруңду, качан окууруңду жана каерден окууруңду чечип ал».

  •   Ыңгайлуу шарт түзүп ал. «Тынч жерди тап,— дейт Жиана деген кыз.— Үйдөгүлөр сени алаксытпашы үчүн, Ыйык Китепти качан окууруңду аларга айтып кой».

     Электрондук каражаттан окуй турган болсоң, билдирүүлөр келбегидей кылып жөндөп кой. Ыйык Китепти китеп түрүндө да окусаң болот. Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, кагаз жүзүндө окуганда киши окуганын жакшыраак түшүнөт. Ал эми экрандан окуганда көңүл топтош кыйынга турушу мүмкүн.

     «Экрандан окуганда алаксый берем. Ар кандай билдирүүлөр келе берет же батарейкасы отуруп калат, же болбосо интернет начар болуп калат. Ошон үчүн китеп түрүндөгүсүн окуган жакшы. Отурган жериң жарык болсо эле болду» (Елена).

  •   Тиленип алып башта. Жахабадан окуган аяттарыңды түшүнгөнгө, эстеп калганга жана колдонгонго жардам беришин сура (Жакып 1:5).

     Тиленүүңө ылайык иш кылып, окугандарыңды тереңирээк казып изилде. Муну кантип кылсаң болот? Эгер Ыйык Китепти JW Library тиркемесинен же онлайн окуп жатсаң, аятты бас. Ошондо аны түшүнгөнгө жардам берген макалалар чыгат. Анан ошолорду изилде.

  •   Өзүңө суроолорду бер. Мисалы, минтип ойлон: бул жерде айтылгандардан Жахаба жөнүндө эмнени билдим? Бул жерде Жахабанын мен туурагым келген кайсы сапаты айтылып жатат? (Эфестиктер 5:1) Бул аятта айтылгандардан эмнелерди үйрөндүм? Жашоодо кантип колдонсом болот? (Забур 119:105) Башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдоно алам? (Римдиктер 1:11).

     «Окугандарым Ыйык Китептин негизги темасы менен кандай байланышта?» — деп да ойлонуп көр. Ушинтип ойлонгонуң абдан маанилүү. Эмне үчүн? Анткени Башталыш китебинен Аян китебине чейин жазылгандар Ыйык Китептин негизги темасы менен байланышта. Жахаба асмандагы Падышалыгы аркылуу өзүнүн ысмын ыйыктайт жана бийлик кылууга укугу бар экенин, анын башкаруусу эң мыкты экенин далилдейт. Ыйык Китептин негизги темасы — ушул.