Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Зеригип жатсам эмне кылсам болот?

Зеригип жатсам эмне кылсам болот?

 Айрымдар үчүн жамгыр жааган күнү түштөн кийинки маалда үйүндө эч нерсе кылбай, эч жакка барбай отургандан өткөн жаман нерсе жок. «Ушу сыяктуу учурларда эмне кыларымды билбей, тажап кетем»,— дейт Роберт деген жигит.

 Сенин да ушундай болуп, зериккен учурларың болду беле? Ошондой болсо, бул макаладан сонун кеңештерди таба аласың.

 Эмнелерди билишиң керек?

  •   Электрондук каражаттар зерикпегенге жардам береби?

     Интернетте отурсаң, убактың өтөт дечи, бирок ал чыгармачылык жөндөмүңдү басаңдатып, ого бетер зериктирет. 21 жаштагы Жереми: «Бир маалда өзүңдүн эч нерсе жөнүндө ойлонбой эле, экранды тиктеп турганыңды байкайсың»,— дейт.

     Елена деген жаш кыз да буга толук кошулат. Ал мындай дейт: «Техника болгону бир аз эле алаксытышы мүмкүн. Бирок аны өчүрөр замат кайра эле жашооңо кайтып келесиң да, андан бетер зериге баштайсың».

  •   Маанай баарын өзгөртөт

     Көп нерселер менен алек болуу зерикпегенге жардам береби? Бул, көбүнесе, кылып жаткан ишиңе канчалык кызыгарыңан көз каранды. Мисалы, Карен деген кыз мындай дейт: «Күн сайын кыла турган нерселер көп болсо да, мектептен аябай тажап кетчүмүн. Зерикпеш үчүн кайсы бир нерсе менен алек болууга туура келчү».

 Билесиңби? «Кыларга эч нерсе жок» болгон бош убакыт — тоскоолдук эмес, чыгармачылык жөндөмүн арттырууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүк.

Колдо бар убакыт, жакшы түшүм бере турган жер сыяктуу, чыгармачылык жөндөмүңдү өрчүтүүгө шарт түзөт

 Эмне кылсаң болот?

 Ар кандай нерселерге болгон кызыгууңду арттыр. Жаңы досторду тап. Жаңы хобби менен алек бол. Жаңы нерселерди изилде. Көп нерселерге кызыккан адамдар жалгыз болгондо да зерикпейт, башкаларды да зериктирбейт.

 Ыйык Китептеги принцип: «Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер» (Насаатчы 9:10).

 «Мен жакында эле кытай (мандарин) тилин үйрөнө баштадым. Ал тилде сүйлөгөнгө күн сайын аракет кылып жатып, мага ушу нерсе жетишпей келгенин түшүндүм. Максат коюп, аны ишке ашырган аябай сонун экен. Мунун аркасында дайыма бир нерсе менен алек болуп, убактыңды туура өткөрөт экенсиң» (Мелинда).

 Максатыңа көңүл топто. Кайсы бир ишти эмне үчүн кылыш керектигин түшүнсөң, аны кылууга болгон кызыгууң ого бетер артат. Мисалы, сабак окуунун кандай пайдасы бар экенин баамдасаң, үй тапшырмаларын аткаруу да тажата турган нерсе болбой калат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын... эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок» (Насаатчы 2:24).

 «Мектепти бүтөйүн деп калганда, мурда сабакты окубай койгонумдун айынан, күн сайын сегиз саат окуп жүрдүм. Ошол учурда оюмдун баары эле окуу болгондуктан, такыр зериккен жокмун. Мектепти жакшы бүтүрсөм деген максатыма көңүл топтогонум тапшырмаларымды жакшы аткарганга түрткү берди» (Ханна).

 Өзгөртө албаган нерселерге моюн сун. Атүгүл абдан кызыктуу иштердин да тажата турган жактары болот. Кээде жакын досторуң да пландарыңды бузуп, эч нерсе кылбай, зеригип отуруп калышыңа себепкер болуп калышы мүмкүн. Андайда кайгырып отура бербей, жакшы маанайда болгонго аракет кыл.

 Ыйык Китептеги принцип: «Кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той» (Накыл сөздөр 15:15).

 «Бир курбум жалгыз болгон убакыттан да рахат алганга үйрөткөн. Ал башкалар менен да, жалгыз да убакыт өткөрүүнү тең салмакташтыруу ар бир адам үйрөнүшү керек болгон баа жеткис тажрыйба экенин айткан» (Иви).